Филиппинде 29 жаштагы кыргызстандык кыз баңгизатка байланыштуу кармалды

Филиппиндин Макати шаарында 29 жаштагы кыргыз жараны баңгизаттарды сатуу боюнча батыш африкалык синдикат менен байланышы бар деген шек менен кармалганын чет элдик басылмалар жазышты.

Филиппиндин Иммиграция бюросунун маалыматы боюнча, ал өлкөдө жүргөн мөөнөтүнөн ашып кеткени жана баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүүгө катыштыгы бар деген айып менен депортацияланууда. Шектүү Тагуиг шаарындагы Багонг Дива лагериндеги убактылуу кармоочу жайда кармалып, депортацияланганга чейин ошол жерде болот.

"29 жаштагы А.Р. 23-июлда Макати шаарында батыш африкалык баңги синдикаты менен байланышы бар деген шек менен кармалган, анын мүчөлөрү 2022-жылдын 20-июнунда камакка алынган", - деп айтылат маалыматта.

Маалым болгондой, буга чейин Кыргызстандын жаранына өлкөдө узак мөөнөткө мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн депортациялоо боюнча иш козголгон. 2023-жылы ноябрда бюронун комиссарлар кеңеши аны депортациялоону жана Филиппинге кайра кирүүгө тыюу салган иммиграциянын кара тизмесине киргизүүнү буюрган.

"Кыргызстандык аял өлкөгө акыркы жолу 2018-жылдын 4-октябрында келген жана андан бери ал өлкөдө болуу мөөнөтүн узартуу үчүн мыйзамдуу түрдө виза сураган эмес", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан