АКШда 2001-жылдын 11-сентябрындагы террордук чабуулдарды уюштурган деп айыпталган үч соттолуучу өлүм жазасын өмүр бою эркинен ажыратуу менен алмаштырып, күнөөсүн моюндарына алууга макул болушту. Бул тууралуу The New York Times гезити Пентагондогу булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, 11-сентябрдагы теракттардын башкы уюштуруучусу делген Халид Шейх Мохаммед жана анын эки шериги боюнча келишим түзүлгөн. Алар учурда Кубадагы Гуантанамо түрмөсүндө отурушат.
"Мүмкүн болгон жаза катары өлүм жазасын алып салуу үчүн үч соттолуучу өзүнө каршы айыпталган бардык кылмыштар, анын ичинде 2976 адамдын өлүмү боюнча күнөөсүн моюндарына алууга макул болушту", - деп жазат The New York Times гезити.
Алардын күнөөнү моюндарына алышы кийинки жумада жарыяланышы мүмкүн.
2001-жылдын 11-сентябрында "Аль-Каида" тобунун 19 террорчусу АКШда жүргүнчүлөрдү ташуучу төрт учакты барымтага алышкан. Алардын экөөсүн ошол кезде Нью-Йорктогу эң бийик болгон Дүйнөлүк соода борбордун эки мунарасына, үчүнчүсүн Вашингтондун четиндеги Пентагондун имаратына жөнөтүшкөн. Төртүнчү учак да Вашингтонду көздөй бараткан, бирок Пенсильвания штатындагы Шэнксвилл шаарына жакын жерде кулаган.