Казакстанда эки жашар бала 9-кабаттын терезесинен кулап түштү

Бүгүн, 1-августта Казакстандын Семей шаарында эки жашар бала көп кабаттуу үйдүн 9-кабатындагы терезеден кулап кеткенин Tengrinews.kz агенттиги билдирди.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат боюнча, учурда наристе ооруканада. Дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшүп жатышат.

Акыркы жумада Казакстанда кичинекей балдардын терезеден кулап түшкөн бир канча учуру катталган. 30-июлда Атырауда 6 жаштагы бала 3-кабаттын терезесинен кулап кеткен. Ага операция жасалды.

Ошол эле күнү Темиртау шаарында 2018-жылы туулган бала 6-кабаттын терезесинен кулап, алган жаракатынан улам ошол жерден каза болгон.

Ал эми 27-июлда Алматыда 3 жашар бала 13-кабаттын терезесинен кулап каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан