Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын гимнине сынак жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзунун социалдык тармактагы баракчаларына жарыяланды.
"Композиторлорду издеп жатабыз. Сизде кыргыз футболунун тарыхында калуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк бар. Жаңы гимндин автору болуп, келечектеги ийгиликтерибизге жана жеңиштерибизге салым кошуңуз", - деп жазылат андагы маалыматта.