V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катыша турган көк бөрү жана көкпар боюнча курама командага дагы алты оюнчу кошулду. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
"Буга чейин уюштуруучулар бир оюнчу көк бөрүгө, ошол эле учурда көкпарга дагы ойноого укугу бар экендигин расмий айтышкан. Ушундан улам Кыргызстан жалпысынан эки спорттун түрүнө 18 оюнчуну дайындап жаткан. Бирок Казакстан мындай жобону жокко чыгарып, бир оюнчу эки спорттун түрүнө катышууга болбостугун билдиришти. Ушундан улам Кыргызстан көк бөрү менен көкпарга өз-өзүнчө спортчуларды алып бармай болду", - деп билдиришти федерациядан.
Курама команданын жаңыланган тизмеси:
1) Жолдошбек Орозбаев
2) Манас Ниязов
3) Дастан Сагынбек уулу
4) Эрлан Төлөбеков
5) Дастан Русланов
6) Рустам Тыналиев
7) Фархат Бейшекеев
8) Ильяз Исаков
9) Кубаныч Султан уулу
10) Кушчубай Илис уулу
11) Исхак Бекболот уулу
12) Нооруз Раатбек уулу
13) Өмүрбек Эсен уулу
14) Нуржан Мелисбек уулу
15) Нурдин Болотбеков
16) Эмирлан Жеңишбеков
17) Майрамбек Рыспеков
18) Баяман Муралим уулу
19) Сейитбек Анарбек уулу
20) Эрсултан Айдаркан уулу
21) Кыяз Ниязов
22) Арген Абдуллаев
23) Тойчубек Коргонбаев
24) Байыш Акылбеков
Кайсы оюнчулар кайсы спорттун түрүнө катышары жакынкы машыгуулардан кийин анык болору кошумчаланды.