Америкада 34 жыл темир тор артында отурган адам акталды. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Маалымдалгандай, 52 жаштагы Кристофер Даннга 1990-жылы өспүрүмдү өлтүргөн деген айып тагылган. Сот эки жашы жете элек өспүрүмдүн көрсөтмөсүнө таянган, алар өспүрүмдү аткан адам Данн экендигин айтышкан. Кийинчерээк алар өз көрсөтмөлөрүнөн баш тартышкан.
Сотто айыпталуучу каргашалуу окуя учурунда апасынын үйүндө болгондугун айткан, анын сүйлөшкөн кызы да тастыктаган эле.
Кристофер Данн адилетсиз жаза мөөнөтүн Миссуридеги Сент-Луисс түрмөсүндө өтөп жаткан.