Кыргызстандын тоосунда чет өлкөлүк альпинисттерди кар көчкү басып калып, бирөө каза болду (видео)

Кыргызстандагы Хан-Теңири чокусунун түштүк тарабында беш миң метрден ашык бийиктикте казакстандык жана орусиялык туристтердин тобун кар көчкү басып калды. Бул тууралуу альпинисттердин бири социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жалпысынан экспедицияга алматылык Борис Дедешко, Павел Блажнов жана Марианна Петрова, ошондой эле москвалык Алексей Смирнов кирген. Алардын баары Чапаев чокусунун боорунан түшкөн кар көчкүнүн астында калышкан.

Альпинисттер кар көчкүнүн астында 40 мүнөттөн ашык жатышкан.

"Биз база менен рация аркылуу байланышууга жетиштик. Алар бизди издеп тапкыча 40 мүнөттөн ашык кар көчкү астында жаттык. Тилекке каршы, биз менен чогуу чыккан Алексей каза болуп калды", - деп жазды альпинисттердин бири.

Альпинисттер куткарылып жатканда дагы кар көчкү түшкөн. Бактыга жараша, бул жолу эч ким жабыркаган эмес.

Алар каза болгон адамдын сөөгүн таштап, төрт миң метр бийиктиктеги базага чейин түшүшкөн.

Каза болгон адамдын сөөгү бүгүн, 2-августта кар көчкү алдынан казылып алынып, базага жеткирилет. Андан ары маркумду Москвага жеткирүү пландалууда.

Кыргызстандын тоссунда альпинисттерди кар көчкү басып калды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан