Париж Олимпиадасында гендердик жаңжалды жараткан мушкер Иман Хелиф деген ким?

Парижде өтүп жаткан олимп оюндарында 66 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан алжирдик мушкер Иман Хелиф беттештин биринчи мүнөтүндө италиялык Анжела Карини жеңип алды. Тагыраагы башына күчтүү соккуларды алган италиялык мушкер беттешти улантуудан баш тартып, ыйлап жиберди.

Италиялык боксчу айым Олимпиадада аны менен болгон беттешти улантууну каалаган эмес. Ал сүлгүсүн ыргытып, калыска кыйкырган. Андан кийин атаандашы менен кол алышуудан баш тарткан.

Мындан улам айымдар арасында спорттун эрежелерин сактап калуу чакырыгы менен социалдык тармактын колдонуучулары Хелиф менен Карининин рингдеги мушташын таратып, айрымдары аны биологиялык жактан эркек экенин айтышууда.

SUPER.KG порталы интернет желесинде беттештен кийин жек көрүүгө кабылган мушкер Иман Хелиф тууралуу баяндайт.

Иман Хелиф 1999-жылы 2-майда Алжирдин түндүк-батышындагы Тиарет провинциясында туулган. Балалыгы айылда өткөн. Ал айылдык балдар менен чогуу футбол ойноп жүрүп, кийин бокс менен алектенүүгө киришкен. Иман Хелиф машыгуу үчүн коңшу айылга барууга туура келип, автобустун жол акысына темир калдыктарын сатчу. Атасы анын бокс менен алектенүүсүнө каршы болуп келген.

2018-жылы кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча Дүйнө чемпиондугунда Хелиф биринчи раундда казакстандык Карина Ибрагимовадан утулуп, 17-орунга ээ болгон. Ал эми 2019-жылы дүйнө чемпиондугунда орусиялык Наталья Шадринадан утулуп калгандан кийин 33-орунга ээ болгон.



Ал 2020-жылкы Жайкы Олимпиада оюндарында жеңил салмактагы аялдар арасында Алжирдин атынан чыгып, чейрек финалда ирландиялык Келли Харрингтондон жеңилип калган.

2022-жылы Дүйнө чемпиондугунда Хелиф нидерланддык Челси Хейненди жеңип, финалга чыккан алгачкы алжирлик мушкер болуп калган. Андан соң финалда ирландиялык Эми Бродхерсттен жеңилип, экинчи орунду алган. Ошол жылдын аягында Хелиф Жер ортолук деңиз, Араб оюндарында жана Африкалык бокс боюнча чемпиондукта алтын утуп алган.

2023-жылдын март айында ал кайрадан кыз-келиндер арасындагы бокс боюнча дүйнөлүк чемпиондуктун финалына чыккан. Бирок алтын үчүн мелдешке аз калганда тандоо критерийлерине жооп бере албаганы үчүн дисквалификацияланган.

Хелиф медициналык себептерден улам чемпиондукка катышуу укугунан ажыратылып, бул анын организминдеги тестостерондун жогорку деңгээлде болушу менен байланыштуу экени айтылган.

Италиялык эндокринолог Жанлука Аймареттинин айтымында, кээ бир сейрек патологиялык учурлар бар. Анда XY хромосомасы аялда пайда болушу ыктымал жана Хелиф "жыныстык дифференциациянын бузулушуна кабылган тубаса оору менен төрөлүшү мүмкүн" деген божомолду айткан.

Париж Олимп оюндарында бокс боюнча 1/8 финалда Иман Хелиф менен италиялык Анжела Карининин мушташы 46 гана секунд болду.

Ал "биологиялык эркек" деп саналып, трансгендерлердин укуктарына каршы көз караштары менен белгилүү болгон Жоан Роулинг, Ричард Докинз жана Илон Маск сыяктуу коомдук ишмерлер тарабынан социалдык медиада сынга кабылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан