Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан Абдыкадыров көчөсүндөгү 0,632 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, текшерүү учурунда “Э.” дене тарбия-спорттук профсоюз коомуна мыйзамсыз берилген жер аныкталган.
Аталган факт боюнча Бишкек шаарынын административдик сотуна берилген доо арыз канааттандырылып, жыйынтыгында баасы 67 миллион 483 миң 300 сомду түзгөн кыймылсыз мүлк муниципалдык менчикке кайтарылды.