Бүгүн, 2-августта Кыргызстандын кыз-келиндер футбол ассоциациясынын жаңы директору болуп Нурайым Алымкулова дайындалды. Бул туурасында футбол биримдигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, ал Азия футбол конфедерациясынын Улуттук ассоциацияларды өнүктүрүү бөлүмүндө кызмат кылган жана Кыргыз футбол биримдигинин Эл аралык бөлүмүнүн жана Башкы катчысынын кеңсесинин жетекчиси болуп көптөгөн жылдар бою иштеп келген.
Андан сырткары ассоциациянын президенти Салтанат Эгембердиева жана вице-президенти Айдана Оторбаева өз кызмат орундарындагы иштерин улантышат.
Бул уюмдун жаңыланган жамааты менен Кыргыз футбол биримдигинин башкы катчысы Медербек Сыдыков жолугуп, алардын алдыдагы биргелешкен ишмердүүлүгүнө ийгилик каалады.