Орусияда дагы бир поезд жүк ташуучу унаа менен сүзүштү

Бүгүн, 2-августта Пермь облусунда Уренгой-Москва багыты боюнча бара жаткан поезд жүк ташуучу унаа менен кагышты. Бул туурасында орус басылмалар жазышууда.

Маалымдалгандай, жүргүнчүлөр арасында жабыр тарткандар жок, унаанын айдоочусу ооруканага түшкөн.

Поезддин вагондору рельстен чыккан эмес, бирок шаардык кыймыл чектелүү экендиги маалыматта кошумчаланган. Прокуратура тарабынан жол кыймылынын коопсуздугу жана темир жол транспортун эксплуатациялоо боюнча мыйзамдардын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 29-июлда Орусиянын Казан шаарынан Адлерге багыт алган поезд жүк ташуучу унаа менен сүзүшүп, 8 вагон рельстен чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан