Бүгүн, 2-августта Түркиянын бийлиги өлкөдө Instagram социалдык тармагына кирүүгө тыюу салып, анын иштөөсүнө бөгөт койду. Бул туурасында чет элдик басылмалар кабарлашууда.
Мындай чечим Түркиянын маалыматтык технологиялар жана байланыш башкармалыгы (BTK) тарабынан чыгарылган. Анын себептери жана чектөө мөөнөтү ведомствонун сайтында айтылган эмес.
Ал эми айрым чет элдик ММКлар ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханиянын Иранда өлтүрүлгөнүнө байланыштуу Түркиянын социалдык түйүн аркылуу айткан көңүл айтуусуна бөгөт койгондон кийин мындай чечим чыгарылган болушу мүмкүн деген божомолдорун айтышууда.