25-декабрда Багдадда болгон теракттан 37 адам каза болуп, 52си жаракат алды. Бул
тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Жардыруу Иракта жашаган христиан калкына
каршы уюштурулган. Багдаддын четиндеги чиркөөдө христиандар Ыйса пайгамбардын
туулган күнүнө чогулган кезде, анча алыс эмес жердеги базарда жардыруу болот. Анын үнүн уккан эл чиркөөдөн чыгып келе жатканда унаа жарылган.
2000-жылдардын башында Иракта 1,5 миллионго чейин христиан бар деп
айтылса, азыр алардын саны эки эсеге азайган. Быйыл жыл башынан бери эле Ирактагы түрдүү чабуулдарда 6650
адам набыт болгон.