Ысык-Көлдө майыптыгы бар кызды зордуктаган деген шек менен 31 жана 36 жаштагы жарандар кармалды. Бул тууралдуу маалыматты бүгүн, 5-августта облустук милициядан тастыктады.
Билдиргендей, 2-август күнү Түп райондук ички иштер бөлүмүнө Каракол шаарынын тургуну кайрылып, 24 жаштагы кызын эки жигит зордуктап салганын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 154-беренесинин (Зордуктоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү катары Каракол шаарынын 1993-жылы туулган тургуну А.Н. жана Түп районунун 1988-жылы туулган Б.М. аттуу тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.
Милиция учурда тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.
Буга чейин социалдык тармактарга майыптыгы бар кызды эки эркек мал сарайда кармап, ага күч колдонуп зордуктаганы боюнча маалыматтар тараган.