Англияда демонстранттар мигранттар жашашы мүмкүн делген дагы бир мейманканага кол салышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя Стаффордшир графтыгынын Тамуэрт шаарында болгон. Тополоңду басууда бир полиция кызматкери жаракат алган.
"Митингчилер мигранттар менен башпаанек издеп келгендер жашаган экинчи мейманканага кол салышкан. Алар эшикти өрттөп, терезелерди сындырып, полицияга ар кандай буюмдарды ыргытышкан", - деп жазат Daily Mail басылмасы.
Буга чейин мыйзамсыз мигранттарга каршы демонстранттар Ротерхэм шаарындагы чет элдиктер жайгаштырылган делген Holiday Inn Express мейманканасынын имаратына кол салышкан. Анда митингчилер отелдин ичине күйүп жаткан таштанды челектерин ыргытышкан.
Улуу Британиядагы мыйзамсыз миграцияга каршы маанай балдарга бычак менен кол салган адам келгин болгон деген маалыматтан улам тутанган.
Полиция 29-июлда Саутпорт шаарында балдарга бычак менен кол салуу болгонун кабарлаган. Каргашада үч наристе көз жумуп, эки чоң киши оор абалда ооруканага түшкөн. Шектүү катары 17 жаштагы өспүрүм кармалып, ага үч кишинин өлүмү, ондогон адамды өлтүрүү аракети жана курал сактоо боюнча айып тагылган. Полиция кол салууну террорчулук менен байланыштырган эмес. Каргаша балдар бий жана йога менен алектенип жатканда болгон.
Кол салган шектүү келгин болгон деген такталбаган маалыматтан улам бир катар шаарлардын тургундары нааразылык акциясына чыгып, кийин ал массалык башаламандыкка айланып кеткен. Кийинчерээк Sky News телеканалы руанда бүлөсүнөн чыккан айыпкер Уэльсте төрөлгөнү аныкталганын кабарлаган. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери башаламандык ашкере оңчул "Англия коргонуусунун лигасы" кыймылынын тарапкерлери тарабынан уюштурулушу мүмкүн экенин айтышкан.