Белгилүү диктор Гүлжан Кулманбетованын теледен көрүнбөй калганына эки айдай убакыт болду. Ага байланышканыбызда, учурда өтө жоопкерчиликтүү ишти аркалап, тагыраак айтканда, наристе жытын жыттап үйүндө отурганын айтты.
"Октябрь айында аман-эсен көз жарып алдым. Ымыркайыбызга атасы Элхан деген ысымды ыйгарды",- деп кошумчалады.
Белгилей кетсек, Элхан Гүлжан Кулманбетова менен кыргыздын олигархы Аскар Салымбековдун бешинчи наристеси. Бул үй-бүлөнүн мындан сырткары 2 кыз, 2 уулу бар.