Өлкө аймагында бир жума ичинде 20 миң 245 жол эрежелерин бузуу фактылары катталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 29-июлдан 4-августка чейинки аралыкта катталган.
Жол эрежесин бузуу фактылар:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 482;
- Мас абалында унаа башкаруу - 200;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 53;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 1173;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3170;
- Авто ээнбаштык - 12;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4280;
- Жалган мамлекттик номур менен унаа башкаруу - 1;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –10 миң 311.
Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1605 унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.