"Элдик Банктын" тапкан пайдасы жарым жылда эле 183 пайызга өстү

"Элдик Банк" ачык акционердик коому 2024-жылдын алты айында тапкан пайдасы өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 183%га өстү. Бул тууралуу банк тарабынан "Сонун" айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү заводго уюштурулган пресс-турдун жүрүшүндө белгилүү болду.

Финансы-кредиттик мекеменин өкүлдөрү "Элдик Банктын" иш-аракетинин жыйынтыгы боюнча маалымат беришти. Ага ылайык, 2023-жылдын биринчи жарымына салыштырмалуу банк 2024-жылдын алты айында бардык финансылык көрсөткүчтөр боюнча өсүштү көрсөтө алды.

Банктын тапкан пайдасы 183%га өсүп, 1 миллиард 495,9 миллион сомду түздү.
Банктын жалпы активдери 136,2%га өсүп, 85,8 миллиард сомду түздү.
Кредиттик портфели 33,7 миллиард сомго жетип, 129,4%га өстү.
Депозиттик база жакшы өсүштү көрсөтүү менен 139,3%га көбөйүп, 63,1 миллиард сомду түзгөн.

Ошентип "Элдик Банк" рейтингдерде жогорку позицияларды көрсөтүүнү улантууда. Банк финансылык көрсөткүчтөрү боюнча өлкөдөгү алдыңкы 3 кредиттик мекеменин катарында.
Бул мезгил аралыгында банк тарабынан жалпы суммасы 12 миллиард 942,8 миллион сомго 12 миң 387 жеңилдетилген кредит берилген.

"Айыл чарбасын каржылоо – 12" мамлекеттик программасы боюнча 3 миң 849 кредит, "Агроөнөржай комплексин кредиттөө" программасы боюнча 584 кредит берилген. Ошондой эле кредиттер газ койдурууга жана башка максаттарга берилди. Мындан тышкары 249,2 миллион сомго 83 лизинг кредиттери берилген.
Биринчи жарым жылдыктагы маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири катары өлкө башчы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен банктын расмий аталышы "Элдик Банк" ААК болуп өзгөртүлгөнүн атай кетүүгө болот.

"Тышкы боштукту жаңы статуска ылайыкташтыруу мезгили келип жетти. Санарип доорунун келиши жана стратегиялык маанилүү социалдык программаларды ишке ашыруу менен эски аталыш банктын миссиясын жана заманбап ролун чагылдырбай калды. “Элдик Банк” деген аталыш биздин иш-аракетти толугу менен мүнөздөп турат. Биз чындыгында элдик мекемебиз жана элге барган сайын жакын болуп баратабыз", - деп белгиледи "Элдик Банк" ААК башкармасынын төрагасы Уланбек Ногаев.

Ушул жылдын июнь айында "Элдик Банк" каржы институту катары туруктуулугун жана ишенимдүүлүгүн тастыктай алуу менен эл аралык Fitch Ratings агенттигинин кредиттик рейтингине ээ болгонун кошумчалап кетүүгө болот. Бүгүнкү күндө "Элдик Банк" анын ишине берилген баага ылайык, Кыргызстандагы биринчи жана жалгыз мамлекеттик банк болуп саналат.

"Элдик Банк" туруктуу өнүгүү жана ESG чөйрөсүндө мыкты натыйжаларды көрсөтүп келе жатат. Эл аралык климаттык фонддор менен кызматташуу пландары бар. Демек, банк аларды социалдык жана экологиялык долбоорлорго андан ары жумшоо үчүн узак мөөнөттүү жана арзан ресурстарды алуу аракетинде. Ошону менен бирге эле "Элдик Банк" толук санариптик трансформация жолун улантууда. Глобалдык милдет - банктын кардарларын аралыктан тейлөө менен калкка банктын кызматтарын алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү.



Банк кардарларга бир катар инновациялык санарип чечимдерин сунуштайт, алар: жеке адамдар үчүн мобилдүү банкинг, юридикалык жактар үчүн интернет-банкинг жана ишкерлер үчүн "Ишкер24" тиркемеси.

"Ишкер24" банк менен Mega уюлдук операторунун кызматташуусунун алкагында иштелип чыгып, үстүбүздөгү жылдын март айында маалымдалган. Азыркы учурда тиркеменин колдонуучулары салык кызматына же банктын филиалдарына барбастан жеке ишкерлерди (ЖИ) онлайн каттоого, салык карыздарын текшерүүгө, салыктарды төлөөгө, отчётторду тапшырууга жана башка көптөгөн мүмкүнчүлүккө ээ болушууда. "Ишкер24" тиркемесин азыркы учурда 20 миңден ашуун кыргызстандык жүктөп алууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан