“Хезболла” Израиль армиясынын командалык пунктуна чабуул жасады

Бүгүн, 5-августа Ливандын "Хезболла" кыймылы Израиль армиясынын 91-дивизиясынын штаб-квартирасына Камикадзе учкучсуз учактары менен сокку урганын чет элдик басылмалар жазууда.

"Сокку түз болду. Анын натыйжасында каза болгондор жана жаракат алгандар бар", - деп билдирген кыймыл.

Ошондой эле "Хезболла" бул кол салуу Израилдин Ливандагы Базурия, Хула конуштарына жасаган соккусуна жооп болгонун белгилеген.

Ал эми Израиль армиясы өлкөнүн түндүгүнө жасалган соккудан бир офицери жана бир жоокери жаракат алганын кабарлады.

Эске салсак, бүгүн Axios агенттиги АКШ менен Израилдин расмий өкүлдөрүнө таянып, Ирандын еврей мамлекетине кол салуусу күтүлүп жатканын жазып чыккан. Анда Тегеран чабуулга бул жолу Ливандагы "Хезболла" кыймылын дагы тартышы мүмкүн экени айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан