Бүгүн, 5-августта тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь менен жолугушту.
Министрликтин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулуш долбоорун алдыга жылдыруу маселесин талкуулап, бул багыттагы прогресс боюнча пикир алмашты.
Ошондой эле тараптар долбоордун курулушун тез арада баштоого жигердүү көмөктөшүүнү макулдашты.