Таласта 2017-жылы башталган бала бакча качан курулуп бүтөр айтылды

Талас облусунун Айтматов районунун Көк-Сай айылындагы 140 орундуу бала бакчанын курулушу аяктап калды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Мамлекеттик курулуш агенттигенен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала бакча эки кабаттуу, жалпы аянты 1481 чарчы метрди түзөт.

"Бүгүнкү күндө объект 89 пайызга даяр, учурда имаратта ички жасалгалоо жана айланасын көрктөндүрүү иштери жургүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, объекттин курулушу 2017-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан