Жалал-Абаддагы Чангет-Сай дарыясы бекемделүүдө

Сузак районунун Беш-Мойнок айылын аралап өткөн Чангет-Сай дарыясы бекемделип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Ага ылайык, дарыянын оң жээгинин 236 метр аралыгын аска таштар менен бекемдөө иштери жүрүүдө.
2022-жылы жергиликтүү бийлик тарабынан долбоор даярдалып, ӨКМге сунушталган. Анын негизинде өткөн жылы дарыянын 300 метр, быйыл 236 метр аралыгын бекемдөө планга киргизилип, тийиштүү акча каражаты бөлүнгөн.
"Аталган аймакта дарыяны бекемдөө иштери 100 пайыз бүткөрүлөсө, 58 турак жай, 40 гектардан ашуун айдоо жери жана ички чарбалык жолдор сел кырсыгынан корголот", - деп жазылат анда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан