Ишкерлер үчүн акция: VISA бизнес карталар менен төлөө жана тигүү машиналарды утуп ал!

Компаньон Банкы текстиль өндүрүшү менен алектенген ишкерлер үчүн супер акциянын башталышы жөнүндө жарыялайт, анын алкагында 10 жеңүүчү бизнесин кеңейтүү үчүн тигүүчү машиналардын комплектине ээ болот!

Компаньон Банкы ар кандай тармактарда бизнести өнүктүрүүгө жигердүү колдоо көрсөтөт жана ошолордон негизги багыттардын бири жеңил өнөр жай. Банккардарларга жаңы бийиктиктерге жетүүгө жардам берүү үчүн тигүү бизнестеги жеке ишкерлери үчүн акциянын башталганын жарыялайт.

Акция 2024-жылдын 30-ноябрына чейин жарактуу болуп, иштеп жаткан жеке ишкерлер да, бизнесин жаңыдан баштап жаткандар да катыша алышат.

Жеңиш үчүн эмне кылыш керек? Компаньон Банкынын Visa Business картасынын ээси болуңуз, ошондой эле «Компаньон Бизнес» тиркемесинин колдонуучусу болуңуз жана товарлар менен кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүдө картаны активдүү колдонуңуз. Акцияда бардык соода жана тейлөө ишканаларында POS-терминалдар аркылуу жүргүзүлгөн 500 сомдон баштап бардык төлөмдөр жана Кыргыз Республикасынын аймагындагы же чет өлкөлөрдөгү интернет төлөмдөр эске алынат.

Акциянын жыйынтыгы боюнча 10 (он) жеңүүчүү акциянын бардык мезгилдин аралыгынын төлөмдөрдүн эң чоң көлөмү (суммасы) боюнча аныкталат. Төлөмдөрдү канчалык жигердүү жүргүзсөңүз, утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүз ошончолук жогору болот!

Байге фонду:

1, 2, 3, 4, 5 орун

Төмөндөгү тизмеленген 5 тигүү машинасынын топтому (ар бир жеңүүчү үчүн):

  • Өзүн-өзү башкаруучу интеграцияланган жогорку ылдамдыктагы каптоочу тигүү машинасы;
  • Автоматтык ультра жогорку ылдамдыктагы төрт жиптүү оверлок тигүү машинасы;
  • Өзүн-өзү башкаруучу ультра жогорку ылдамдыктагы беш жиптүү оверлок тигүү машинасы;
  • Бир ийнелүү өзүн-өзү башкаруучу челноктуу тигүүчү машина;
  • Бир ийнелүү жогорку ылдамдыктагы түз тигүүчү челноктуу тигүүчү машина.

6, 7, 8, 9, 10 орун

Төмөндөгү 3 тигүү машинасынын топтому (ар бир жеңүүчү үчүн):

  • Өзүн-өзү башкаруучу интеграцияланган жогорку ылдамдыктагы каптоочу тигүүчү машина;
  • Өзүн-өзү башкаруучу жогорку ылдамдыктагы беш жиптүү оверлок тигүү машинасы;
  • Бир ийнелүү өзүн-өзү башкаруучу түз тигүүчү челноктуу тигүүчү машина.

Компаньон Банкынын Visa Business картасы ишкерлерге бизнес жүргүзүүнү жеңилдеткен жана натыйжалуураак кылган көптөгөн артыкчылыктарды берет:

• Акысыз чыгаруу жана жылдык тейлөө:

• Ыкчам эл аралык төлөмдөр жана онлайн төлөмдөр:

Социалдык тармактарда, ресторандарда, кафелерде, сатып алууларда, күйүүчү май, заказдарды жеткирүү жана башка көптөгөн нерселер үчүн төлөңүз.

• Акысыз толуктоо: картаңызды өнөктөш төлөмтерминалдары жана электрондук капчыктар аркылуукомиссиясыз ыңгайлуу толтуруңуз: Элкарт Mobile, О!Деньги, Balance, MegaPay, UMAI, Pay 24, Bakai Bank, QuickPay, Элсом жана Оңой.

Акысыз накталай акча алуу: Өлкөдөгү каалаганбанктын банкоматынан комиссиясыз накталай акча алыңыз.

Компаньон Банкынын жардамы менен тигүү цехиңиздегижабдууларды жаңыртып, бизнесиңизди мындан да ийгиликтүү кылып же бизнес баштоо мүмкүнчүлүгүнколдон чыгарбаңыз! Сизге ийгилик каалайбыз!

Акциянын жаңылыктарын @bank_kompanion_akcii Telegram каналынан көрүңүз!

Толугураак маалыматты расмий сайттан же Кардарларды колдоо кызматынан 88 00 номери аркылуу (уюлдук операторлордон чалуулар акысыз) же WhatsApp’ тан 0 770 33 88 00 номери аркылуу алууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан