Эртең, 6-августта Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +17 ... 22, күндүз +31 ... +36,
Талас облусунда түнкүсүн +13 ... +18, күндүз +27 ... +32,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +19 ... 24, күндүз +31 ... +36,
Ысык-Көл жергесинде түнкүсүн +11 ... +16, күндүз ... +21 ... +26,
Нарын облусунда түнкүсүн +9 ... +14, күндүз +21 ... +26.
Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын табы түнкүсүн +20 ... +22, күндүз +33 ... +35 градус болот.