Армения Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) келе жаткан "Кобальт-2024" аскердик машыгууларына катышпайт. Бул тууралуу ТАСС маалымат агенттиги Орусиянын Улуттук гвардиясынын билдирүүсүнө таянып билдирет.
Машыгуулар 14-16-августта Новосибирск шаарында өтөт. Катышуучулардын тизмесинде Армениядан башка уюмдун бардык мүчөлөрү – Орусия, Беларусь, Тажикстан, Казакстан жана Кыргызстан бар.
2024-жылдын башында премьер-министр Никол Пашинян Армениянын биримдикке мүчөлүгүн “натыйжалуу тоңдуруп жатканын” жарыялаган.