Бишкекте Олимпиада оюндарын көрүү үчүн фан-зоналар уюштурулду (тизме)

Бишкек шаарынын мэриясы Парижде өтүп жаткан Жайкы Олимпиада оюндарында биздин спортчулардын оюнун көрүү үчүн фан-зоналарды уюштурду.

Калаа мэриясынан билдиргендей, 5-11-август күндөрү "Дордой Плаза" соода борборунда саат 22:00гө чейин, саат 22:00дөн кийин Чыгыш-5 кичи районунун "Арбат" скверинде көрсөтүүлөр уюштурулат.

Октябрь районунда "Ынтымак-2" сейил багынын амфитеатрында түз алып көрсөтүү уюштурулса, Ленин районунда "Азия Молл" соода борборунда оюндар көрсөтүлөт.

Ал эми Биринчи май районунун аймагында 6-августтан 11-августка чейин Турдакун Усубалиев атындагы аянтка LED экран орнотулат. Эфир күн сайын саат 21:00дөн 01:00гө чейин болуп, мелдештин бардык негизги учурларын көрүү мүмкүнчүлүгүн берет.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан