Израилдин Коргоо күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү "Хезболла" кыймылынын согуштук канатынын курамындагы "Радван" атайын күчтөрү батальонунун командири жок кылынганын жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
"Бүгүн кечинде Аба күчтөрү Ливандын түштүгүндөгү Эбба аймагында операция жүргүзүп, "Хезболладагы" "Радван" күчтөрүнүн командири Али Жамал Алдин Жавадды атып өлтүрдү", - деп айтылат ЦАХАЛ Telegram каналында жарыяланган билдирүүдө.
Израиль аскерлеринин айтымында, аны жок кылуу "Хезболланын" Израилдин түндүгүнө каршы Ливандын түштүгүнөн террордук иш-аракеттерди үгүттөө жана жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн олуттуу кыскартат.