Үстүбүздөгү жылдын башынан бери чет өлкөдө жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын 40 жараны мекенине которулду. Бул тууралуу маалымат жыйында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.
"Соттолгон кыргызстандык 40 жаран жаза мөөнөтүн андан ары өтөө үчүн Орусиянын түзөтүү абагынан Кыргызстанга которулду", - деди ал.
Кулубаевдин айтымында, дагы 52 кыргызстандык жаза мөөнөтүн өз мекенинде өтөө үчүн жөнөтүлүшү пландалууда.