Чүй облусунун Сокулук районунда 15 жаштагы Алия Мамажанова изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 27-июнда үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 160 сантиметр, чачы кара, көзү күрөң, арык чырай.
Кийген кийими: ак көйнөк, ак түстөгү бут кийим.
Милиция жогорудагы кызды көргөн-билгендер болсо 0312 60-75-67, 0313-45-33-80 (нөөмөт бөлүмү) номерлерине кайрылууну суранат.