Кечээ, 5-августта президенттин “Мейкин” сыйлыгына талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча комиссиянын курамы менен тааныштырууга арналган жыйын өттү.
Маалым болгондой, иш-чарага ММКлардын жетекчилери, журналисттер жана блогерлер чакырылган. Анда сый акыны алуунун жол-жобосу тууралуу президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков маалымат берди. Ошондой эле сынакка арыздарды кабыл алуу башталганын кошумчалады.
Отурумдун жүрушүндө катышуучуларга сынакка талапкерлерди тандоо жана ыйгаруу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы тааныштырылды. Ага көз карандысыз медиа эксперттер, журналисттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн турган 11 адам кирген.
Сыйлыктын максаты – медиа жана журналистика жаатында чыгармачылыкты колдоо жана жетишкендиктерди таануу, журналистердин кесибинин беделин жогорулатуу жана чыгармачылык активдүүлүгүнө дем берүү. Анын байге фонду 10 миллион сомду түздү. 10 номинациянын бир жеңүүчүсүнө 1 миллион сомдон тапшырылат.
Сыйлык алуу үчүн сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 1-январынан тартып 1-октябрына чейинки мезгилде даярдалган материалдарды meikin@mail.gov.kg электрондук дарегине жөнөтсө болот. Толук маалымат алуу үчүн телефондор: 0312 960154; 0550 739 550.
Сынактын шарттары менен https://president.kg/news/all/25427 дарегинен таанышса болот.