"Бишкек жашыл курулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери арыктарды орнотууну башташты. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Достоевский, Шабдан баатыр көчөлөрүнөн Фрунзе көчөсүнө чейин Б-3-2 үлгүсүндөгү арык лотокторун орнотуу башталды.
Белгилей кетсек, лотоктордун техникалык параметрлери узундугу — 3000 миллиметр, туурасы — 740 миллиметрди, бийиктиги — 480 миллиметрди түзөт.
Эске салсак, буга чейин Жибек Жолу проспектисинде Школьный көчөсүнөн Осмонкул көчөсүнө чейин, Чүй проспектисинде Панфилов көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жаңы арык лотокторун орнотуу иштери жүргүзүлгөн.