Чүй облусунун Сокулук районунда 14 жаштагы Бегимай Иманбаева изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал 30-июль күнү саат 20:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз.
Белгилери: бою 160-165 сантиметр, арык чырай, чачы күрөң.
Кийген кийими: ак кофта, ак-кара түстөгү шым, бутунда ак түстөгү жайкы бут кийим болгон.
Милиция көргөн-билгендер болсо 0312 61-69-07, 0313 25-21-47, 0700 61-69-07 (нөөмөт бөлүмү) номерлерине кайрылууну суранат.