25-декабрда 16:30дар чамасында 34 жаштагы А.Акылбек башкарып бара жаткан Субару Форестер унаасы Некрасов көчөсүнөн, №57-мектептин жанынан бир окуучуну сүзүп кеткен. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаардык Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Кырсыктын кесепетинен 4-класстын окуучусу Р.Азанбектин баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.
Учурда автоунаа айып төлөөчү жайга токтотулуп, топтолгон материалдар Бишкек ШИИБине өткөрүлүп берилди.