Бишкекте синтетикалык баңгизатты таратууга шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ал курьер катары Telegram каналы аркылуу куратор делген адамдан буйрутма алып, баңгизаттарды Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагына таратып келген.
Бул боюнча милиция кызматкерлери иш алып барып, синтетикалык баңгизаттар катылган 10 "кыстармаларды" табышкан. Алынган психотроптук заттардын жалпы салмагы 1 килограмм 240 граммды түзгөн.
Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары кармалган 2002-жылы туулган Б.Л. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.