Иран Израилге сокку урарын Венгрия аркылуу айттырды

Иран Венгрия аркылуу Израилге сокку урууга ниеттенип жатканын кабарлады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар еврей мамлекетинин тышкы иштер министри Исраэл Катцтын билдирүүсүнө таянып жазып чыгышты.

Катцтын айтымында, Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто ага телефон чалып, Ирандын тышкы иштер министри Али Багериден тиешелүү маалыматты алганын айткан.

Эске салсак, Тегеран Израилге 31-июлда ХАМАСтын Саясий бюросунун башчысы Исмаил Ханияны өлтүрүлүшунө жооп иретинде сокку урарын билдирген.

Axios басылмасы АКШ менен Израилдин расмий өкүлдөрүнө таянып, Ирандын чабуулу кечээ, 5-августа болушу мүмкүндүгүн жазып чыккан. Анда Тегеран чабуулга бул жолу Ливандагы "Хезболла" кыймылын дагы тартышы мүмкүн экени айтылган болчу. Ошол эле күнү "Хезболла" кыймылы Израиль армиясынын 91-дивизиясынын штаб-квартирасына Камикадзе учкучсуз учактары менен сокку урганы маалым болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан