Казакстандын Санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөр жай министрлиги Кытай менен Айда биргелешкен изилдөө базасын куруу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.
Меморандумдун негизги максаты Эл аралык илимий Ай станциясын түзүү жана иштетүү процессинде кызматташуу болуп саналат.
"Келишим биргелешкен изилдөөлөрдү, тажрыйба жана билим алмашууну, ошондой эле космостук техника жана илим тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүнү камтыйт", - деп айтылат маалыматта.