Бишкек шаарында таштанды жана чөп өрттөгөндөргө айып пул салынды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаардагы жеке турак үйдүн жашоочулары участок аймагында куураган чөптөрдү өрттөшкөн. 5 тургунга карата эреже бузганы үчүн 7500 сом суммасында протоколдор түзүлдү.
Красный Строитель конушунда тигүү цехинен чыккан кездеме калдыктарын отко жагып жүргөн жаран аныкталды. Ага 7500 сом айып пул салынды. Ал эми "Кыргыз Каганат" ЖЧКсынын жумушчулары тамак даярдоо үчүн фанераларды жана жыгач такталарын өрттөшкөн. Алар жоопкерчиликке тартылып, 23 миң сом өлчөмүндөгү айып пул салынганы айтылат.
"Шаар тургундары, эгерде ушундай мыйзам бузууларга күбө болсоңуздар, сүрөт жана видеону муниципалдык инспекциянын социалдык баракчаларына жөнөтүүңүздөрдү суранабыз" - деп жазылат анда.