Сот өндүрүшүндө азиздердин укугун коргоочу мыйзамга кол коюлду

Өлкө башчы Садыр Жапаров Кылмыш-жаза процессуалдык кодексиндеги “Кылмышка шек туудурган жана айыпталып кармалган адамдарды камакта кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө” мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 26-июнда кабыл алынган. Анын максаты көрүүсү начар адамдардын маалыматка жетүүсүн жеңилдетүү, ошондой эле сот адилеттигинин жеткиликтүүлүгү үчүн шарттарды түзүү болуп саналат.

Тактап айтканда, Кылмыш-жаза кодексиндеги өндүрүштөргө катышууга көзү азиз адамдарга жардамчы берүү каралган. Көзү азиз шектүүгө Брайл шрифтинде терилген адабияттарды, аудио китептерди, кылмыш иши боюнча материалдарды, аудио китептерди жана материалдарды угуу жана жаздыруу үчүн жабдыктарды колдонууга укук берген ченемдер менен толукталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан