Маданият министринин орун басары суучул Елизавета Печерскихти кабыл алды

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Парижде өтүп жаткан Олимп оюндарында сууда сүзүү боюнча 50 метр аралыктагы жарышка эркин стилде катышкан суучул Елизавета Печерскихти кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта аталган министрликтен билдиришти.

Анда Тимурлан Ажымалиев Елизавета Печерскихти жетишкендиктери менен куттуктап, бул башталышы экенин белгилеп, кийинки оюндарга ийгиликтерди каалады.

Ага ылайык, ал Елизаветанын бул жетишкендиктеринде анын машыктыруучусунун дагы орду чоң экенин белгилеп, ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан