Баткенде 6 ай ичинде 40 чакан ишкана ачылды

Ушул жылдын 6 айында Баткен облусунда 40 чакан ишкана ачылды. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдирди.
Ага ылайык, облус аймагында 2382 жумуш орун түзүлгөн. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 413 жумушчу орунга көп.
"40 муниципалдык жана жеке менчик жаңы ишкана ачылып, 273 жаңы иш орун түзүлдү. Анын ичинде өнөр жай продукцияларын өндүрүүчү 20 кичи ишкана, айыл чарба продукциясын өндүрүүчү 4, айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү 7, кызмат көрсөтүүчү 6 ишкана жана 3 жаңы соода борбору ачылды", - деп жазылат анда.
Бул ишканалардын эсебинен 394 миллион сомдук жеке инвестиция өздөштүрүлгөнү маалымдалат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан