Лейлек районунун Исхак Раззаков шаарында мыйзамсыз деп аныкталган объекттер буздурулду. Бул тууралуу бүгүн, 6-августта Мамлекеттик курулуш агенттигинен билдиришти.
Тактап айтканда, кызыл сызыктан чыгып жана ички жолдордун жер тилкелерине курулуп калган 13 тосмо, 6 сарай буздурулду.
Ага ылайык, мындай демонтаж иштери жалпы район боюнча жүргүзүлөт.