Нарындын Куланак айылында сел жүрдү

Нарын районунун Куланак айылында нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, 42 турак үйдүн короо жайы, ички чарбалык жолдор, 1 чарбалык көпүрө жабыркады. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-август саат 21:30 чамасында Куржылга, Ичке жана Куланак коктуларынан сел жүргөн.

Жерине ӨКМдин Нарын райондук №16 өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн 5 куткаруучусу 1 мотопомпа менен тартылган. Алар 3 турак үйдүн короо жайын жана 1 үйдүн ичин жана жер төлөсүнөн сууларды сордуруп, тазалап беришкен. Калган турак үйлөрдүн көпчүлүгүнүн короосуна кирген суулар жерге сиңип кеткен.

Ал эми бүгүн, 7-августта Жарандык коргонуу кызматтары, куткаруучулар тарабынан тактоо жана тазалоо иш-чаралары улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан