Токиодо күндүн ысыгынан 120дан ашуун адам каза болду

Жапонияда аномалдуу ысык басылбай жатат. Расмий маалыматтар боюнча, Токиодо июль айында ысыктан 120дан ашык адам каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Алардын көбү 60 жаштан өткөндөр. Июль айы өлкөдө 1898-жылдан бери уланып келе жаткан рекорддук эң ысык ай болду. Абанын температурасы орточо көрсөткүчтөн 2,16 градуска жогору болгон.

37 миң жарандар медициналык жардамга муктаж болду.

Кечээ, 6-августта Токио жана Жапониянын батышында ысык аба ырайы боюнча эскертүүлөр берилди. Борбор калаада абанын температурасы болжол менен +34кө чейин көтөрүлдү.

Жергиликтүү аба ырайын маалымдоо кызматынын айтымында, августта ысык басаңдабай, кайрадан абанын температурасы жогорулайт. Жакынкы күндөрү өлкөнүн борборунда +35 жана андан жогору болушу күтүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан