О! мобилдик оператору өзүңүздүн, сатып алган же белекке берилген телефонуңуздун IMEI-коддорун каттаганга жетишип калуу зарыл экенин эскертет.
Мобилдик телефондордун IMEI-коддорун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоодон өткөрүү мөөнөтү 2024-жылдын 15-августуна чейин узартылганы жарыяланган. Мындай каттоосуз телефондун мобилдик түйүндөргө кирүү мүмкүндүгү чектелип калат.
Телефон сатып алуудан мурун аны сөзсүз текшериңиз
Телефондорду импорттоочулар өлкөгө алып келген учурда каттатууга милдеттүү, андыктан сатыкка каттоодон өткөн гана телефондор чыгарылат. Катталганын текшерүү оңой эле – түзүлүштүн 15 орундуу IMEI-кодун *#06# буйрутмасын терүү аркылуу билиңиз, андан кийин «Мой О!» тиркемесине кирип, башкы беттен «Телефондун IMEI-кодун текшерүү» баскычын басыңыз да, кодду киргизиңиз.
Толук маалымат imei.kg сайтында.
Катталган смартфондорду ишеничтүү жана текшерүүдөн өткөн жерлерден гана сатып алыңыз
O!Store дүкөндөрүнүн кардарлары каттоо жөнүндө ойлонбой эле койсо болот – ар бир телефон каттоодон өткөн жана аны сатып алар замат колдоно баштаса болот. O!Store дүкөндөр тармагы смартфондордун бренддеринин өкүлдөрү менен түз кызматташат, товарларга кепилдик берет жана сатып алуунун пайдалуу шарттарын: онлайн буйрутма бергенде белектик интернет, пайызсыз бөлүп төлөө, белектерди, акцияларды сунуштайт. Бардык дүкөндөрдүн даректери менен ostore.kg сайтынан таанышып чыкса болот. Ошондой эле Бишкек шаарынын ичинде акысыз жеткирип берүүгө онлайн буйрутма берүү мүмкүнчүлүгү бар.
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КРлицензиялары.