SAIMA интернети дагы арзандады жана өлкө аймагында алгачкы жолу 500 Мбит/сек чейин чыкты

Saima Telecomдон эки супер жаңылык бар жана аларды уккандан кийин дароо кошууга өтүнмө калтырасыздар.

Биринчи жаңылык: Популярдуу «Премиум 300 + O!TV» тарифинин баасы айына 1180 сомдон 980 сомго түштү!

Сиз үй жумуштарын аткаруу жана көңүл ачуулар үчүн минималдуу баа менен максимум интернет-кызматтардан пайдалана аласыз:

  • 300 Мбит/сек чейин жогорку ылдамдыктагы интернет;
  • Мыкты сапаттагы 220дан ашуун каналы менен жаңы муундагы интерактивдүү ТВ;
  • Кошумча акысыз 5 онлайн-кинотеатр: Etnomedia, Start, Wink, Premier, О!Кино;
  • Түз эле телевизордон YouTube көрүү;
  • 1 аккаунтка 5 түзүлүш кошуу мүмкүндүгү;
  • Түз эфирди башкаруу мүмкүндүгү;
  • Көрүүнү кийинкиге калтыруу жана жарнаманы түрдүрүп жиберүү;
  • Жаздырылган программаларды тандоо.

Экинчи жаңылык: Saima Telecom Кыргызстанда алгачкы жолу флагмандык тарифтин ылдамдыгын 500 Мбит/сек чейинкөбөйттү!

Супер ылдам интернетти жакшы көргөндөр үчүн эң сонун жаңылык. «Премиум 500 + O!TV» тарифин кошуп алган учурда сизге сервистердин ошол эле кеңири топтому, бирок 500 Мбит/сек чейинки ылдамдыкта берилет. Мунун баары супер пайдалуу баада айына болгону 1180 сом! Интернеттин мындай жогорку ылдамдыгы үйдөн эле көз ирмемде көңүл ачуулардын дүйнөсүнө чөмүлүү мүмкүндүгүн берет.

Интернет-жабдуу

ТВ-приставка жана бир гигабиттик Wi-Fi роутер жоопкерчиликтүү сактоого акысыз берилет, ошондой эле жабдууну 2900 сомго сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Кошууга өтүнмөнү төмөнкү жолдор менен берсе болот:

  • компаниянын saimatelecom.kg сайтынан;
  • 0708 909 000 номерине чалуу же WhatsApp/Telegram аркылуу жазуу;
  • «Мой О!» тиркемесиндеги Saima Telecom бөлүмүнөн;
  • Бишкек ш., Лев Толстой көч., 1/3 дарегинде жайгашкан башкы кеңседен.

«Премиум 300 + O!TV», «Премиум 300 +», «Премиум 500 + O!TV» жана «Премиум 500 +» тарифтери жеке жактар жаңы жана учурдагы абоненттер үчүн жеткиликтүү. Учурдагы тарифтик пландын жана ушул Тиркеменин шарттарында ар кандай себептерден улам келишимди мөөнөтүнөн мурун бузган жана/же байланыш кызматтарын колдонбогон учурда, Оператордун Абонентти байланыш кызматтарына кошуу боюнча чыгымдарынын ордун толтуруш үчүн, ошондой эле Абонент алгачкы 24 айдын ичинде келишимдин шарттарын аткарбаган учурда Абонент кошуунун шарттуу баасын: 2 500 (эки миң беш жүз) сом төлөөгө милдеттенет.

300 Мбит/сек жана 500 Мбит/сек чейинки ылдамдыктагы тарифтерди кошуу жеткиликтүү болгон аймактарды компаниянын менеджерлеринен же күнү-түнү иштеген Байланыш борборунан билсеңиздер болот. Сунуш «Ала-Тоожана «Ак-Ордо» конуштарынын тургундарын камтыбайт.

КР МТБМК караштуу МБА 24.11.2003-ж. №03-292-КР лицензиясы. Маалымат жарыяланган күнгө карата актуалдуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан