Өлкө башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин чакыруусу менен 8-10-августта Астана шаарына барат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров Казакстанга Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусуна жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммитине катышуу үчүн барат.
Сапардын алкагында Садыр Жапаров Япониянын премьер-министри Фумио Кисида менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.
"Астанада өтө турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын алтынчы консультативдик жолугушуусу жана “Борбордук Азия+Япония” диалогунун мамлекет башчыларынын саммити көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, ошондой эле регионалдык өз ара аракеттенүүнүн келечек пландарын талкуулоого багытталат", - деп билдирди Муратбек Азымбакиев.