Кыргызстанда 2-сентябрь (дүйшөмбү) жумуш күнү болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
31-август ишемби күнгө туура келгендиктен 2-сентябрь эс алуу күнү болушу керек болчу.
Министрлик 2-сентябрдын ордун жыл башында, 5-январда эс алып койгонубузду эскертти.