Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген статус ыйгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта президенттин басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.
"Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайына “улуттук” деген статус ыйгарылсын жана мындан ары "Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайы" деп аталсын", - деп айтылат анда.