Путин Ирандын лидерин ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшүнө сабырдуулук менен жооп берүүгө чакырды

Орусиянын президенти Владимир Путин Ирандын лидери аятолла Али Хаменеини ХАМАСтын лидеринин өлтүрүлүшүнө сабырдуулук менен жооп берүүгө чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалыматка караганда, Путин ошондой эле Израилдин жарандарына кол салуудан алыс болууга чакырды. Бул өтүнүч Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Сергей Шойгу аркылуу жакында Иранга жасаган иш сапары учурунда айтылган. Шойгу Ирандын президенти Масуд Пезешкиан, Куралдуу күчтөрдүн командачысы Мохаммад Багери жана Улуттук коопсуздук боюнча кеңештин катчысы менен жолугушту.

Маалымат булактары ошондой эле Иран жооп иретинде Орусиядан Су-35 согуштук учактарын берүүнү суранганын кабарлады.

31-июлда Тегеранда Исмаил Ханиянын өлтүрүлүшү аймактагы чыңалуунун күчөшүнө алып келди. Тегеран менен ХАМАС бул өлүм үчүн Тель-Авивди күнөөлөштү. Иран Израилге “тез жана катаал” жооп кайтарарын эскертти.

Буга чейин "Хезболла" тобуна жакын булак Израилге жооп соккусу сөзсүз болорун айтып, бирок Иран аймактык согуш ачкысы келбей турганын белгилеген. Бир катар өлкөлөр аймактагы чыңалууну азайтуу аракетинде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Кремль Путиндин өтүнүчү боюнча маалыматка комментарий берген жок. Бирок РИА Новости билдиргендей, Шойгу Иранга болгон сапарынын алкагында "Ливандын Израиль менен чек арасындагы кооптондурган окуяларды" жана "Тегерандагы акыркы трагедиялуу окуяларды" талкуулаганын тастыктады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан