Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев Беларусь Республикасынын билим берүү министри Андрей Иванец менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Тышкы иштер министрлигинен билдиргендей, анда тараптар эки өлкө ортосундагы билим берүү тармагында кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Султанбаев эки өлкөнүн билим берүү системаларынын потенциалын эске алып, бул жаатта өз ара кызматташууну тереңдетүүгө кызыкдар экенин билдирди. Буга байланыштуу ал Беларустун жогорку окуу жайларында, анын ичинде технологиялык жана IT адистиктери боюнча кыргызстандык студенттердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.
Жолугушууда тараптардын кызыкчылыгын эске алуу менен бул багыттагы иштерди активдештирүү боюнча макулдашууга жетишилди.